Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапар менен Баткен облусуна жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн,  16-сентябрда  иш сапар менен Баткен облусуна жөнөп кетти.

Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы жергиликтүү актив менен жолугушууларды өткөрөт, инфраструктуралык обьектилердин жана социалдык  мекемелердин курулуштарынын жүрүшү, ошондой эле саламаттык сактоо мекемелеринин иш  шарттары менен таанышат.

Иш сапарынын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев 17-сентябрда Ош шаарына да барат.

2015-жыл 16-сентябрь