Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн,  16-сентябрда  Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты.

Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолунун жалпы узундугу 360 чакырым. Бул долбоорду ишке ашыруу канаатташ мамлекеттердин территориялары жана анклавдар аркылуу өтүүгө байланыштуу проблемаларды чечүүгө багытталган. Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолунун участокторун реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууга Европа комиссиясы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), Дүйнөлүк банк, Кытайдын Эскимбанкы, Ислам өнүктүрүү банкы сыяктуу  донорлордун каражаттары тартылган.

Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолун реабилитациялоого  бүгүнкүгө чейин  жалпысынан эл аралык институттардан 190 млн. АКШ долларынан ашуун каражат  тартылган. Учурда көрсөтүлгөн 360 чакырым жолдун 153 чакырымы реабилитацияланды. Калган участокторунда курулуш иштери улантылып жатат.

2015-жыл 16-сентябрь