Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Рустам Миннихановду Татарстандын Президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Рустам Миннихановду Татарстан Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады.

Куттуктоо тексти:

«Урматтуу Рустам Нургалиевич,

Сизди  2015-жылдын 13-сентябрында өткөрүлгөн Татарстан Республикасынын Президентин шайлоодо  ишенимдүү жеңишке жетишкендигиңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары  коомдогу Сиздин кадыр-баркыңыздын, республиканын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө багытталган саясатыңыз кеңири колдоого ээ экендигинин  таасын далили болуп калды.

Кыргызстанга жасаган Сиздин сапарыңыздын жүрүшүндө Бишкекте өткөн жолугушуубузду жылуу эскерем. Ошондогу конструктивдүү пикир алмашуубуз  Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы кызматташууну өнөктөштүктүн жана достуктун жаңы деңгээлине алып чыгат деп терең ишенем.

Урматтуу Рустам Нургалиевич, Сизге чың ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик жооптуу ишмердигиңизде мындан ары дагы ийгиликтерди каалайм.

Урматтоо менен,

Алмазбек  Атамбаев».

2015-жыл 16-сентябрь