Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Датка-Кемин» долбоорунун ийгиликтүү аякташына кошкон салымы үчүн Кыргызстандын энергетиктерине жана кытайлык өнөктөштөргө сыйлыктарды ыйгарды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, улуттук ири долбоор – “Датка” 500 кВ подстанциясын, “Кемин” 500 кВ подстанциясын жана “Датка-Кемин” 500 кВ электр берүү линиясын курууну ийгиликтүү бүтүргөндүгү жана пайдаланууга киргизгендиги үчүн Кыргызстандын энергетиктерин жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн  айрым өкүлдөрүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча ишке кошкон зор салымы үчүн “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун башкы директору Медетбек Айткулов  III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы ар тараптуу байланыштарын бекемдегендиги үчүн “Данакер” ордени менен  төмөндөгүлөр сыйланды:

       -Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри  Ван И;

       -Кытай Эл Республикасынын коммерция министри Гао Хучен.

Өндүрүштүк иштеги жогорку жетишкендиктери жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык көз карандысыздыгына жетишүү боюнча ишке кошкон салымы үчүн “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун филиалы – Нарын жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын аба линиялары кызматынын электр монтеру Кобонбаев Казыбек Токтомушевич “Даңк” медалы менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөндөгүлөр сыйланды:

- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев;

-“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун филиалы – Чүй жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын подстанциялар кызматынын “Кемин” 500 кВ подстанциясынын начальниги Оттукбек Калиев

- “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун “Датка” долбоорлорун ишке ашыруу тобунун начальниги Рустанбек Раимкулов;

- “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун филиалы – Жалал-Абад жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн техникалык көзөмөлдүн жетектөөчү инженери Руслан Шерматов;

-“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун “Датка” долбоорлорун ишке ашыруу тобунун жетектөөчү инженери Убайдиллаев Омурбек.

Ошондой эле, “Датка” 500 кВ подстанциясын, “Кемин” 500 кВ подстанциясын жана “Датка-Кемин” 500 кВ электр берүү линиясын куруунун жана пайдаланууга киргизүүнүн жүрүшүндөгү жогорку жетишкендиктери үчүн “ТВЕА” компаниясынын президенти – директорлор кеңешинин төрагасы Джан Синь “Даңк” медалы менен сыйланды. “ТВЕА” компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Макелек Мусаджан Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

2011-жылы Кыргызстанда Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен өлкөдө өзүбүздүн энергетикалык алкакчаны түзүү боюнча масштабдуу долбоор башталган. 2015-жылдын 28-августунда  Кыргызстанда  тарыхый окуя – жогорку вольттуу «Датка-Кемин» 500 кВ подстанциясы пайдаланууга берилди. Ошентип Кыргызстандын энергетикалык  көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылган өзүбүздүн  “энергоалкакчабыз” түзүлдү.  Подстанцияны   пайдаланууга берүү аземинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Датка-Кемин» – өлкөбүздүн эгемендүүлүк жылдарындагы эң ири стратегиялык обьект, “кылымдын долбоору” деп атады.

2015-жыл 17-сентябрь