Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп белгиленет:

 “Урматтуу  Президент мырза!

Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын дилимен чыккан эң жакшы каалоолорумду билдирип коюуга  руксат этиңиз.

Кытай  элинин япон агрессиясына каршылык көрсөтүүсүнүн жана антифашисттик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына  арналган иш чараларга катышуу үчүн Кытайга келип кеткениңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Бул  Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара ишенимдин жогорку деңгээлин жана өз ара колдоону ырастап турат.

Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө зор маани берем жана Сиз менен бирге  кыргыз-кытай мамилелерин тынымсыз өнүктүрүүгө  жана анын жаңы деңгээлге чыгышына өбөлгө болууга күч жумшоого даярмын.

Чың ден-соолук жана бардык ишиңизде ийгиликтерди каалайм.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы

Си Цзиньпин”.

2015-жыл 17-сентябрь