Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Белорусиянын Президенти Александр Лукашенко Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Александр Лукашенко  мамлекеттик ишмер Алмазбек Атамбаевдин  тажрыйбасы  белорус-кыргыз кызматташуусунун мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга,  Кыргызстандын жана Беларусь Республикасынын  туруктуу прогрессинин кызыкчылыгында интеграциялык өз ара аракеттенишүүнү  жөнгө салууга күч аракеттерди бириктирүүгө өбөлгө болооруна ишенимин билдирди.

Александр Лукашенко Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук, бак-таалай, кажыбас кайрат жана жогорку  мамлекеттик кызматта  жаңы ийгиликтерди каалады.

2015-жыл 17-сентябрь