Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкек шаарында Борбордук Азиядагы Америка университетинин жаңы имаратынын ачылышына байланыштуу куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 31 октябрында, Бишкек шаарында Борбордук Азиядагы Америка университетинин жаңы имаратынын ачылышына  байланыштуу куттуктоо жолдоду. 

Мамлекет башчысынын куттуктоосун Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары рангындагы этностук, диний саясат жана жарандык коому менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева окуп берди.

 Куттуктоо тексти: 

"Урматтуу Борбордук Азиядагы Америка университетинин окутуучулары жана студенттери!

Сиздерди Кыргызстандын борборунда Борбордук Азиядагы Америка университетинин заманбап жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктайм!

Жаңы имараттын архитектурасы Ала-Тоонун асман тиреген чокуларына  түспөлдөшкөнү кубандырбай койбойт.

1993-жылы негизделген Борбордук Азиядагы Америка университети бүгүнкү күндө Кыргызстанда жогорку билим берүү системасындагы эң ийгиликтүүлөрдүн бири болуп калды жана дүйнөнүн жыйырмадан ашык өлкөсүнөн  бизге окууга келген көптөгөн татыктуу адистерди даярдап чыгарды.

Кыргызстан университеттин өнүгүшүнүн түрдүү этаптарында ага дайыма колдоо көрсөтүп келди. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде Кыргыз-америка факультети түзүлгөн 1993-жылы, көз карандысыз Камкорчулар кеңеши менен Кыргызстандагы Америка университети болуп кайра түзүлгөн 1997-жылы жана Борбордук Азиядагы Америка университети болуп түзүлгөн 2002-жылы.

Университетте жогорку кесипкөй, ар улуттагы профессордук-окутуучу курам эмгектенет. Сиздер ушуну менен токтоп калбай, жаңы методикаларды жаратып, аларды ишиңиздерде колдонуп, жаңы изилдөө программаларын ачып, кызыктуу дискуссиялар менен дебаттарды уюштурасыздар деп ишенем. Бардык окутуучуларга жана окутууну уюштуруучуларга талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем.

Борбордук Азиядагы Америка университетинин курулушуна жана иштешине зор салым кошкон бүткүл дүйнөгө белгилүү финансист жана меценат мырза Джордж Сороско өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем.

Университеттин бүтүрүүчүлөрүнө жана студенттерине  өзүнчө кайрылып кетким келет. Ушул билим очогунда сиздер алган билим барыдан мурда Ата Мекениңиздерде абдан керек болушун каалайм. Азыркы учурда Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, эл аралык интеграциялык процесске кирди, ал болсо жогорку билимдүү, сын көз караш менен ой жүгүрткөн мекенчил, өз өлкөсү үчүн күйгөн жана ага ушул өткөөл учурда жардам бере алган жаштарды талап кылат. Сиздердин Университет Кыргызстандын гүлдөп өсүп-өнүгүшүнө татыктуу салым кошооруна ишенем.

Университеттин ушул жаңы корпусу бардык континенттен келген жаштар идеялары менен алмашып, аны менен дүйнөнү, анын ичинде Кыргызстанды жакшы жагына өзгөртө алган борборго айланышын каалайм".

Кыргыз Республикасынын

Президенти      Алмазбек Атамбаев.

2015-жыл 31-октябрь