Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 3- ноябрында, Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн реформалоонун жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин  ортосунда  так өз ара аракеттенишүү маселелерине өзгөчө  көңүл бөлүү зарыл экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысынын пикири боюнча аскер реформасын мындан ары ишке ашыруу максатында  Коргоо министрлиги жаңы функцияларына ылайык башкача статуска ээ болушу керек.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн  Куралдуу Күчтөрүн реформалоо  армиянын күжүрмөн даярдыгын   реалдуу арттырууга,   аны заманбап,  түрдүү коркунучтарга жооп кайтарууга жөндөмдүү  армия катары калыптандырууга багытталууга тийиш экендигин баса белгиледи.

2015-жыл 3-ноябрь