Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн 20-ноябрда, өлкө Улуттук банкынын төрагасы  Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына сомдун алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө жана өлкөнүн валюта рыногунун тең салмактуу иштөөсүн камсыздоо  боюнча көрүлүп жаткан чаралар туралуу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн финансы-кредиттик мекемелеринин стабилдүү жана ишенимдүү иштөөсүнүн, улуттук валюта курсунун туруктуулугун камсыз кылуу, сомдун  сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо боюнча бардык чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле  Улуттук банк, Өкмөт жана коммерциялык банктар менен биргеликте бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарынын чет элдик валютада алган ипотекалык кредиттерин сомго трансформациялоо боюнча  иш чараларды кабыл алышы керектигин айтты.

2015-жыл 20-ноябрь