Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жаңы 2016-жыл менен куттуктады

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу мекендештерим!

Ардактуу агайын-туугандар!

Мына, ар бирибиз күткөн ирмемдер да келип калды. Дасторконду жайып, өткөндү эстеп, эртеңкиден жакшылып тилеп отурабыз.

Албетте, биринчиден өтүп бараткан 2015-жылга ыракмат айтсак. Кандай болсо да, аман-эсен Жаңы жылды тосуп жатабыз. Бир топ жакшылыкка да күбө болдук өтүп бараткан жылда.

Кыргызстан жок болот, эли кор болот дегендердин тилегин таш каап, саныбыз алты миллионго жетти!

Элибизди, жерибизди колдогон Кудайга ыракмат!

Кандай зор кыйнчылыктар болсо да Жараткан элибизди, жерибизди дайыма сактап, коргоп келатат.

Улуу тоолорду аралап, узак жолдор салынып жатат.  “Жолу оңолгондун иши оңолот” дегендей, 2015-жылы бүт өлкө боюнча жолдор оңдолуп башталды. Парламенттик шайлоону адилет жана тынч өткөрдүк. Бул да чоң жакшылык. Датка-Кемин электр линиясы ишке берилип, коңшуларга кор болбой калдык.

Бул чындыгында таарыхый окуя.

Эң негизгиси: жерибизде тынчтык, эл ичинде ынтымак болгондо гана оомат ооп келээрин көрдүк. Ак эмгек менен адил сөз гана ар бир жаранды дөөлөткө жеткирерин көрдүк.

Кирип келе жаткан 2016-жылы эгемендүү мамлекетибиз     болгону 25 жашка толот. Кыргызстандыктар дүйнөдө калкы жаш өлкөлөрдүн катарына кирет..

Бирок, мамлекетибиз жаш болгону менен, элибиз кылымдарды карыткан эң байыркы элдердин бири. “Өткөнүн унуткан, келечекке жол табалбайт” деген сөз бар. Ошондуктан тарыхыбызды, өткөн жолдорубузду изилдеп, элибиздин келечеги үчүн өмүрүн берген ата-бабаларыбызды эскерип, тилибизди, дилибизди, маданиятыбызды көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Бирөөлөрдү ээрчип, манкурт болбош керек. Кыргыз көчү эч качан үзүлбөш керек...

Тилекке каршы, дүйнөдөгү акыркы каргашалуу окуялар бардык өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да кесепеттерин тийгизүүдө. Бирок кандай гана кыйынчылыктар болбосун элибизди кайыштай чыйралтып, намыс менен чыгып келгенбиз. Биз өткөн тайгак кечүүлөрдөн далай элдер, далай өлкөлөр өтө албай, кыйналып турат.

“Ит үрө берет, кербен жүрө берет” дегендей, жолдогу таштар, ар кайсы кыйынчылыктар, ушак менен көралбастык бизди токтотоалбайт.

Кыргыз эли өзүнүн жолун тапкан, Кудайга шүгүр. Эми көчүбүз жылдан жылга түзөлүп, токтобой алга, келечекке баратат.

Жамандыкты амандык жеңет...

Аман-эсен болгула, мекендештерим менин!

Алла-Таала ар бир үй-бүлөгө жакшылык, дөөлөт берсин! Ар-бириңизге узун өмүр, бак-таалай каалайм!

Жараткан өлкөбүздү бөөдө кырсыктан сактасын!

Элибизге – ынтымак, жерибизге – берекет берсин!

Жаңы жылыңыздар менен!”.

Куттуктоонун видеосу >>> 

2015-жыл 31-декабрь