Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Стамбулдун борбордук аянтынтындагы жардырууга байланыштуу Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев адамдардын өлүмүнө алып келген Стамбулдагы Султанахмет борбордук аянтында болгон жардырууга байланыштуу Түркия Республиксынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты.

"Бул алаамат окуя Кыргызстан элин солк эттирди. Кыргызстандыктар боордош Түркия эли менен кошо кайгыга батып турат, ошону менен катар бул кыянат террорчулукту чечкиндүү айыптап, террорчулук аракеттер жол берилгис жана эч бир актоого жатпайт деп эсептейт" - деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишин каалады.

2016-жыл 12-январь