Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21- январда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиевди кабыл алды. 

Жолугушуу маалында Мамлекет башчысына жылуулук берүүчү мезгилдин өтүшү, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык системасынын иши жөнүндө маалымат  берилди.

Айбек Калиев өлкөдө ушул тушта ишке ашырылып жаткан ири энергетикалык долбоорлор боюнча, андан тышкары атамекендик энергетиканы өнүктүрүүнү, анын ичинде жаңы кубаттуулуктарды киргизүүнү караган инвесторлордун сунуштары тууралу маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев жылуулук берүү мезгилин үзгүлтүккө учуратпай жакшылап өткөрүү, биринчи кезекте калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда пайда болгон проблемаларды токтоосуз чечүү үчүн энергетиктер болгон күчүн үрөшү зарыл экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкө энергетиктери алдында ири гидроэлектр станцияларын, Бишкек жылуулук борборун жана өлкөнүн негизги электр түйүндөрүн заманбап жаңылоо, ошондой эле энергетикалык долбоорлорду мындан ары да ишке ашыруу керек экенине токтолду. 

2016-жыл 21-январь