Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кесиптик ийгилиги жана атамекендик журналистиканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн белек сааттарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-январда өлкөдөгү көрүнүктүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилеринин катышуусунда айрым ЖМК өкүлдөрүнө кесиптик ийгилиги жана атамекендик журналистиканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Президенттин белек сааттарын тапшырды.

Мамлекет башчысынын белек сааттары менен «Бешинчи канал» ЖАКтын башкы директору Евгения Бердникова, «АКИpress» маалымат агенттигинин уюштуруучусу Марат Тазабеков, «Новые лица» гезитинин башкы редактору Лейла Саралаева, «Интерфакс» маалымат агенттигинин өз кабарчысы Наталья Любезнова, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын экономикалык жана инновациялык программалар студиясынын режиссеру Жолдошбек Абдыбеков сыйланышты.  «Супер инфо» гезит редакциясынын башчысы Шайиста Шатманова өлкө Президентинин колунан Кыргыз Республикасынын Ардак баракчасын алды. 

Президент Алмазбек Атамбаев кийинки кезде Кыргызстанда коомчулук жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу мамлекеттик органдар тарабынан  маанилүү чечимдерди кабыл алууга таасир этип жатканы жакшы көрүнүшкө айланганын канааттануу менен белгиледи. Мамлекет башчысынын ою боюнча, ушундай жагдайдан улам өлкөдө журналисттик ишмердиктин жоопкердиги артууда.

Президент Алмазбек Атамбаев журналисттерди сыйлыгы менен куттуктап, чың ден соолук, жакшылыктарды жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады. 

2016-жыл 26-январь