Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын жана Ош облусунун активи менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2016-жылдын 16-мартында Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын жана Ош облусунун активи менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары, ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу айтып, калкты, өзгөчө айыл-чарба багытындагы долбоорлорду насыя менен камсыз кылуу боюнча пландарга токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев азыркы учурда аймактардагы көйгөйлүү делген - ишкерлер жана элет эмгекчилерине жеңилдетилген насыяларды берүү, унаа жолдорун куруу, элди таза суу менен камсыз кылуу маселелерин чечүү зарылдыгын белгиледи. 

Президент Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолуна түшкөндүгүн айтуу менен бирге көздөгөн максаттарга жетүүнүн эң негизги өбөлгөсү элдин биримдиги жана өлкөдөгү стибилдүүлүк экенин баса белгиледи.

Жолугушуу «суроо-жооп» форматында өттү.

2016-жыл 16-март