Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжан Президенти Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Алмазбек Атамбаевди жана кыргызстандыктарды  Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Азербайжан-кыргыз алака-катыштары,  биздин достук байланыштар мындан ары да өнүгүп жана чыңдалып, боордош элдердин таламдарына кызмат кылат деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.

Азербайжан Президенти Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык менен гүлдөп өнүгүүнү каалады.

2016-жыл 19-март