Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти  Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Түркия элинин жана өз атымдан Улуу урматтуу Сизди жана дос, боордош кыргыз элин  «Нооруз» майрамы менен куттуктайм.  Биздин жалпы каада-салттарыбыздын эң сонуну болгон «Нооруз»  биздин өлкөлөр арасында достукту, боордоштукту, тилектештикти жана кызматташтыкты байыртадан бери сактап келатат. Быйыл бул күн өзгөчө шык жана кубаныч менен майрамдалмакчы», - деп айтылат Түркия Президентинин телеграммасында.

Режеп Тайип Эрдоган эки өлкөгө жана регионго эле эмес, бүт дүйнөгө бакубатчылык, тынчтык жана туруктуулук тилеген.

Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган  Президент Алмазбек Атамбаевге ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык менен гүлдөп өсүүнү каалаган.

2016-жыл 19-март