Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысынын жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальнигинин катышуусу менен кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-мартта, Коргоо Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги Жаныбек Капаровдун катышуусу менен кеңешме өткөрдү.

Жолугушууда Мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Кеңешменин катышуучулары Президентке ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө баяндашты.

2016-жыл 22-март