Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-мартта,  Кыргыз-россиялык өнүктүрүү Фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жана евразиялык интеграциянын шарттарына ыңгайлаштыруу үчүн жакынкы арада бардык багыттарда өнүктүрүү Фондунун толук масштабдуу ишин баштоо зарылчылыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, атамекендик ишкерлерге арзан жана узак мөөнөттүү насыяларды берүү аларга өлкөнүн интеграциялык процесстерге катышуусун  натыйжалуу  пайдаланууга көмөктөшөт жана өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө болот.

«Ошондуктан жакынкы арада чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү, ошондой эле айыл чарбасын каржылоо үчүн Кыргызстандын банктары аркылуу кошумча түрдө 10 млрд. сомдон кем эмес жеңилдетилген насыяларды берүү зарыл», - деп баса белгиледи Президент. 

2016-жыл 23-март