Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Элдик революцияга арналган Гүлбактын долбоору менен таанышты

Кыргыз Республикасынын  Президенти  Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-мартта  2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революцияга арналып, Шабдан Баатыр менен  Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде түзүлө турган Гүлбактын долбоору менен таанышты.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Мамлекет башчысын Гүлбактын курулушу менен жакын тегеректи жашылдандыруу пландары тууралу айтып берди.

Гүлбакты куруу чечимине байланыштуу Мамлекет башчысы 2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели – Кыргызстан элинин эркиндикке жана адилеттикке карай улуу жолунда оор үч ашуу болгонун белгиледи. «2005-жылы 24-мартта биз дал ушул жерден тынчтык жүрүшүн баштаганбыз. Кыргызстан эли Акаевдердин үй-бүлөсүнүн сөөгүнө чейин чирип бүткөн бийлигин  көрөйүн деген көзү калган эмес, ошондуктан ал кулаганда бүт өлкө кубанган. Бүгүн  айрым маскарапоздор 2005-жылы бийликти түштүктүктөр алган, ал эми 2010-жылы түндүктүктөр алган деп, кырдаалды курчутууга аракеттенип жатышат. Аларга биз дайыма бир, биримдиктүү эл болгонбуз деп айткым келет. Ошондуктан узак жолдун үч ашуусун биз дайыма эстеп жүрүүгө тийишпиз. Бул күндөр майрам болбосо да, календарда кызыл күндөр болууга тийиш. Анткени өткөнүн билбегендин келечеги болбойт», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент мамлекеттик чек арадагы кырдаалга токтолуп, пайда болгон проблемаларды чыдамдуулук жана сабырдуулук менен чечүү,  өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык чечим кабыл алуу, эң башкысы – тынчтык менен туруктуулукту сактоо зарылдыгын  баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаал боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

2016-жыл 24-март