Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Индиянын Президенти менен Премьер-министрине Керала штатындагы өрткө байланыштуу көӊүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Индия Республикасынын Президенти Пранаб Кумар Мукерджиге жана Премьер-министри Нарендр Модиге Керала штатындагы көп сандаган адамдардын курмандыгына алып келген өрткө байланыштуу көӊүл айтты.

Мамлекет башчысы курман болгондордун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен кайрат айтып, бул каргашадан жабыр тарткандардын бардыгынын тез арада сакайып кетсин деген тилегин билдирди.

2016-жыл 11-апрель