Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-майда, Стамбул шаарына иш сапарынын алкагында биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты.

Күндүн биринчи жарымында Президент Алмазбек Атамбаев биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышып жаткан делегация башчылары менен бирге БУУ Башкы катчысы Пан Ги Мундун төрагалыгы алдында өткөн Мамлекет башчыларынын жана Өкмөт башчыларынын жабык отурумуна катышты.

Андан соң биргелешип эстеликке сүрөткө түшүү аземинен кийин Мамлекет башчысы биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммиттин расмий ачылышына катышты.

Саммит алаңында Президент Алмазбек Атамбаев Германия Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолукту. Лидерлер кыргыз-немис эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммиттин ишине дүйнөдөгү 50 өлкөнүн Президенттери жана Өкмөт башчылары катышууда.

БУУнун калкасы алдында өтүп жаткан саммит эл аралык коомчулуктун кризистерге жооп кайтаруу боюнча мамилесин өзгөртүүнү көздөйт.

2016-жыл 23-май