Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-августта Чолпон-Ата шаарындагы Мамлекеттик резиденцияда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаевди кабыл алды.

Жолугушууда Ысык-Көлдүн башчысы өлкө Президентине облусту социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жана региондун экономикасына инвестицияларды тартуунун жүрүшү тууралу айтып берди.

Асхат Акибаев мындан тышкары II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык боюнча комплекстүү иш чараларга, облуста туристтик сезонду өткөрүү, курорттук чөйрөнү өнүктүрүү маселелерине, ошондой эле Мамлекет башчысынын курулуп жаткан объектилерди кыдыруу маалында айтылган пикирлери менен сунуштарын ишке ашыруунун жүрүшүнө токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунда жарандарыбыз менен меймандардын эс алуусу жана коопсуздугу үчүн жергиликтүү бийликтер бардык шарттарды түзүүгө тийиш экенин белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, Көл боюнда сентябрда өтө турган эл аралык ири иш чара - II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары менен келген конокторду жакшылап тосуп  алышыбыз зарыл. Бул Кыргызстандын беделин гана көтөрөт.

2016-жыл 5-август