Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-августта Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана терроризмге каршы чараларды күчөтүү боюнча мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Темир Жумакадыров ошондой эле Президентке укук коргоо органдарынын натыйжалуу системасын түзүүгө, жарандардын аларга болгон ишенимин кайтарууга жана коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган укук коргоо органдарын реформалоо боюнча чаралардын жүзөгө ашырылышы тууралуу баяндап берди.

Андан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы менен өлкөдөгү диний кырдаалдын өнүгүү тенденцияларына байланыштуу маселелерди да талкуулады.

2016-жыл 8-август