Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кветта шаарындагы көптөгөн курмандыктарга алып келген террористтик актыга байланыштуу Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты.
«Кветта шаарындагы террористтик актыдан улам көптөгөн курмандыктар болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстан бул үрөй учурган мыкаачылык актыны чечкиндүү айыптайт жана терроризмге каршы дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерин бириктирүү маанилүү экендигин белгилейт», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына колдоо билдирип, жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.