Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилгендигине байланыштуу Чуй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Марлес Феликс кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна макулдук бергендигине байланыштуу Чуй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Марлес Феликс Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан четтетилди.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2018-жыл 30-октябрь