Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-декабрындагы “Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу тууралуу Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-декабрындагы “Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу тууралуу Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65, 88-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-декабрындагы № 547 “Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылды.

2019-жыл 19-февраль