Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 3 Жарлыкка кол койду.

2 Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 978 адам кабыл алынат (анын ичинен 837 — чоң адамдар жана 141 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

1 Жарлыкка ылайык, 493 адам (анын ичинен 365 — чоң адамдар жана 128 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

Бардыгы 1471 адам кайрылышкан (1202 — чоң адамдар жана 269 — балдар).

2019-жыл 30-декабрь