Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Самат Кылжыев КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин  4-бөлүгүнүн негизинде Кылжыев Самат Аскербекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министринин мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

Ошондой эле башка Жарлык менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин  4-бөлүгүнүн негизинде Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

2020-жыл 17-июнь