Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновду премьер-министрдин кызматынан бошотту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 5-бөлүгү менен Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматынан бошотулду.

Буга Кубатбек Бороновдун берген арызы негиз болгон.

Жарлык кол койгондон тартып күчүнө кирет.

2020-жыл 9-октябрь