Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Искандер Гайпкулов КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Гайпкулов Искандер Төрөбаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Буга чейин бул кызматты Иманалиев Данияр Шаршенбекович ээлеп келген. Ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ордунан бошотулду.

2021-жыл 8-февраль