Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө 11 Жарлыкка кол койду.
Алардын ичинен 7 Жарлык 2410 адамды (1802 — чоң адам жана 608 — бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар (Кыргыз Республикасынын мурунку жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары менен никеге тургандар) жана 4 Жарлык 982 адамды (780 — чоң адам жана 202 — бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.