Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Муктар Джумалиев Кыргызстандын Бельгиядагы Элчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Джумалиев Муктар Кабылбекович Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Нидерланддар Королдугундагы, Люксембург Улуу Герцогдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмундагы (ХКТУ), Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) Туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

2022-жыл 28-июнь