Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 10-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө газ тармагындагы кызматташуу боюнча конкреттүү пландар талкууланды.

Алексей Миллер компания Кыргызстандын газ өндүрүшү тармагындагы жагдайды, түпкү максатты жана милдеттерди так билип туруп ишке киришип жаткандыгын белгиледи. “ Биз алдыбызга койгон милдеттерибиз абдан масштабдуу - Кыргызстандын газ чарбасы абдан масштабдуу. Негизги газ түтүктөрү 700 километрди түзөт. Ал эми бөлүштүрүүчү тармактар туурасында айтсак, 2300 километрге жакын”,- деди Алексей Миллер.

 «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы «Газпром» ААК алгачкы 5 жылдын аралыгында  «Кыргызгаз» ААКтын 40 млн. АКШ долларлык карызын жаап, газ тармагын өнүктүрүүгө 600 млн. АКШ долларын жумшай тургандыгын маалымдады. “Бул иш  түздөн түз «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасынын жана бүтүндөй башкармалыктын көзөмөлү алдында жүргүзүлөт деп ишендирип кетмекчимин”,- деди Алексей Миллер.

Ошону менен бирге Кыргызстанда жаратылыш газын геологиялык чалгындоо боюнча пландарга дагы токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн газ ташып жеткирүү системасына стратегиялык инвесторду тартуу жана Кыргызстанда «Газпром» ААК инвестициялык программаларын мындан ары ишке ашыруу тармакты өнүктүрүүгө, аны модернизациялоого жана кеңейтүүгө, ошондой эле өзүбүздүн жаратылыш газ запастарын өздөштүрүүгө зор түрткү берээрин белгиледи.

Мамлекет башчысы керектөөчүлөрдү анча кымбат эмес баадагы газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурду.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын энергетикалык эгемендигин камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында алдыдагы биргелешкен ишмердиктин маанисин дагы баса белгиледи.

Бүгүн, жолугушуунун соңунда  «Кыргызгаз» ААКка кубаттуу энергетикалык компанияны,  «Газпром» ААК стратегиялык инвесторду тартуу тууралуу келишимге кол коюу салтанаты өткөрүлдү. Документке «Кыргызгаз» ААКтын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев менен ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер кол коюшту.

2014-жыл 10-апрель