Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дүйсен Касеинов Президент Алмазбек Атамбаевге агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 10-июлунда, Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дүйсен Касеинов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге агасы Калыйбек Шаршеновдун  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Ата конушту байырлап турган бир туугандан ажыроо – ченемсиз оор жоготуу. Бирок анын артында калган балдары, Ата Журтка жасаган эмгеги, көп элдин эсинде калган адамдык  асыл касиеттери бар үчүн кайрат  кылууга туура келет. Аза кайгыңызды бөлүшөм, кайрат кылыңыз”, - деп белгиленет Башкы катчынын телеграммасында.

2015-жыл 10-июль