БАЗАРБАЕВ Кудайберген Базарбаевич
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы
1958-жылы туулган.
Жогорку билимдүү, 1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин «Француз тили» адистиги боюнча аяктаган;
Эмгек жолун 1982-жылы КМУнун комсомол комитетинин катчысы болуп иштөө менен баштаган;
1982-1985-жылдары Кыргызстан ЛКЖС БКнын лекторлор тобунун жетекчиси болуп иштеген;
1985-1987 ж. ж. — Кыргызстан КП Ленин райкомунун инструктору, бөлүм башчысынын орун басары;
1987-1990-ж.ж. — Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунун инструктору;
1990-жылдын январь–май айлары — Кыргызстан КП Октябрь райкомунун бөлүм башчысы;
1990-жылдын май–декабрь айлары — Фрунзе шаарынын Октябрь райкеңешинин төрагасынын биринчи орун басары;
1990-1991-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу-инспектордук секторунун башчысы;
1991-1992-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кадрлар секторунун башчысы;
1992-1993-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүм башчысы;
1993-1998-ж.ж. — Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, биринчи орун басары;
1998-1999-ж.ж. — Бишкек шаарынын мэриясынын кирешелер булактарын талдоо жана маркетинг башкармалыгынын башчысы;
1999-2001-ж.ж. — Бишкек шаарынын вице-мэри;
2001-2002-ж.ж. — Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;
2002-2004-ж.ж. — Октябрь райондук санитардык тазалоо жана жашылдандыруу комбинатынын директору;
2004-2007-ж.ж. — Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;
2007-жылдын апрель–май айлары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси;
2007-2010-ж.ж. — Боршайлоокомдун аппаратынын жетекчиси;
2010-жылдын август–декабрь айлары — «Ата Мекен» социалисттик партиясынын Борбордук аппаратынын башчысы;
2010-2012-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Мекен» депутаттык фракциясынын бөлүм башчысы;
2012-2013-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары;
2013-2016-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министри;
2019-2020-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору;
2020-жылдын январынан тартып — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүнү мониторингдөө жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн башчысы.
«2-класстагы мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини бар.
Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер.
Саясий илимдердин кандидаты.