Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2020-жылы (январь-декабрында) жарандардын кайрылуулары менен жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында  2020-жылдын январь–декабрь айларында 9859 жарандын кайрылуулары боюнча иштер жүргүзүлдү, алардын ичинде:

— Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 7898;

— Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар – 821;

— «Ишеним телефондору» аркылуу кайрылган жарандар — 869;

— Коомдук кабылдамаларга келип маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар — 236;

— Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн «түз эфирлери» аркылуу кайрылган жарандар — 35ти түздү.

Жазуу жүзүндө (электрондук) келген бардык 7898 кайрылуулардын 7772си Президенттин Аппаратына, ал эми калган 126 кайрылуу  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түштү.

Президенттин Аппаратына келип түшкөн 7772 кайрылуулардын 5952си (же 76,6%) көзөмөлгө алынды, алардын 5527си аткарылды (92,9%), 425 жарандын кайрылуулары (7,1%) аткарылууда.

Ал эми, 1820кайрылуулар (23,4%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түшкөн 126 жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын 26сы (20,6%) көзөмөлгө алынып, алардын 123ү (97,6%) аткарылды, ал эми 3 арыз (2,4%) аткарылууда. Калган 100 (79,4%) кайрылуулар тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

7772 кайрылууну региондор боюнча бөлгөндө, эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан - 2954 (38,0%) келип түштү. Ал эми, Чүй областынан — 1283 (16,5%), Ош областынын жана Ош шаарынан жашоочуларынан — 801 (10,3%), Жалал-Абад областынан — 775 (10,0%), Ысык-Көл областынан — 514 (6,6%), Баткен областынан — 375 (4,8%), Нарын областынан – 299 (3,9%), Талас областынан — 169 (2,2%), КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 602 (7,7%) жарандын кайрылуулары катталды.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары тематикасы боюнча негизинен 9 багытта болду:

— соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча —
3229 кайрылуу (41,6%);

— социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, пособие, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча — 578 (7,4%);

— мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча — 522 (6,7%);

— саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча — 489 (6,3%);

— турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү боюнча — 298 (3,8%);

— кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (төмөнкү пайызда же пайызы жок) — 204 (2,6%);

— тышкы саясат чөйрөсүндөгү маселелер боюнча — 184 (2,4%);

— курулуш, архитектура, транспорт жана байланыш маселелери боюнча — 151 (1,9%);

— коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча — 133 (1,7%) кайрылуу.

Ал эми, калган 1984 жарандардын кайрылууларында (25,5%) социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган.

2020-жылдын январь-декабрында President.kg расмий веб-сайтына республиканын бардык региондорунан, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет мамлекеттерден жарандардын 2173 (27,6%) электрондук кайрылуулары келип түштү, анын ичинде:

  • Бишкек шаарынан — 674 (же 31,0%);
  • Чүй областынан — 306 (14,1%);
  • Ош областынан жана Ош шаарынан — 209 (9,6%);
  • Ысык-Көл областынан — 150 (6,9%);
  • Жалал-Абад областынан — 111 (5,1%);
  • Баткен областынан - 76 (3,5%);
  • Нарын областынан — 42 (1,9%);
  • Талас областынан — 40 (1,9%);
  • КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 565 (26,0%).

Аталган мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамалары аркылуу 821 жаран кабыл алынды, анын ичинде Бишкек шаарында — 608 (74,1%), Ош шаарында — 213 (25,9%), «ишеним телефондору» аркылуу 869 кайрылуу түшүп, алар боюнча тиешелүү кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле, Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн 3 «түз эфири» аркылуу 35 жарандын суроолору кабыл алынып, аларга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

2021-жыл 4-январь