Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 1-февралынан 5-февралына чейин аткарган иштери жөнүндө кыскача маалымат

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгы коомчулук тарабынан ЖМКда кеңири талкууланып, Жарлыктын максаты жана милдетттерин жүзөгө ашыруу боюнча сунуштар айтылды. Жарлыктын талкуусуна коомдук ишмерлер, илимпоздор жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Жарлыкка ылайык, Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны иштеп чыгуу үчүн коомдук кеңешме түзүлөт.
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгы ММКда кеңири талкууланып, Жарлыктын максаты жана милдетттерин жүзөгө ашыруу боюнча сунуштар айтылды. Жарлыкты талкуулоого коомдук ишмерлер, илимпоздор жана мамлекеттик кызматтарда көп жылдык тажрыйбасы бар кызматкерлер катышты. Мамлекеттик жаңы кадр саясатын жүзөгө ашыруу үчүн иш-чаралар планы иштелип чыгууда.
  3. Жогоруда аталган жарлыктарды коомчулукка жана аймактардагы мамлекеттик бийликтин тутумдарына жана жерлигиктүү өз алдынча башкаруу органдарына түшүндүрүү боюнча алгоритм иштелип чыкты.
  4. Жарандардын бөлүмгө тиешелүү багыттардагы кайрылууларын кароо жана алар боюнча жетекчиликке сунуштарды даярдоо дайыма аткарылып келет. Мисалы, 2 студенттин ата-энесинен келген арыз; Кыргызстандын «Элдик курултай» кыймылынын «Аксакалдар кеңешинин кайрылуусу»; Хусаин Карасаевдин кызы Алтынай Карасаеванын арызы; Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасынан келген арыз ж. б.
  5. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата даярдыктар жүрүп жатат.
  6. 2021-жылдын 4-февралында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин жаркын элесине арналган кече өттү. Кыргыз балетин дүйнө жүзүнө тааныткан инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 72 жашка толмок. Чолпонбек Базарбаев А. Адандын «Жизель» балетинде Альберттин, П.Чайковскийдин «Ак куу көлү» балетинде Зигфриддин, А.Хачатуряндын «Спартак» балетинде Спартактын, Ф.Шопендин «Шопенианасында» Жигиттин ролун ойноп, образдарды мыкты ачып берген.
  7. Кыргыз Республикасынын эл артисти А. Темированын чыгармачыл юбилейине Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси С. С. Касмамбетовдун атынан куттуктоо баракчасы жана белектер берилди.

1970-80-жылдары «Кыргызфильм» жана «Казахфильм» киностудияларында бир катар элге кеңии белгилүү фильмдерде башкы ролдордо ойногон. Алар: «Ак кеме», «Бөрү зындан», «Снайперлер» ж. б.

2021-жыл 5-февраль