Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 8-13-февралында аткарган иштери тууралуу маалымат

  1. 2021-жылдын 28-29-майында Талас шаарында өтө турган Талас салгылашуусунун (Атлах) 1270 жылдык мааракесине карата тарых илимдеринин кандидаты, улук илимий кызматкер, археолог Б. Аманбаева жана «Түрк академиясынын» өкүлү профессор Кадыралы Конкобаев менен жолугушуу өттү;
  2. 781-жылы тургузулган байыркы кыргыз Сужи (Е 47) жазма эстелигинин 1240 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү;
  3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын жыйынтыгын чыгаруучу жалпы коллегияга катыштык жана сын-пикирлерибизди билдирдик;
  4. КР Президенти С.Н. Жапаровго мамлекеттик жана коомдук ишмер Т. Усубалиевдин кызматтык автоунаасы белекке берилген. Автоунааны Кыргыз мамлекеттик тарых музейине өткөрүп берүү иш-чарасын маалыматтык саясат бөлүмү менен биргеликте уюштурдук;
  5. “Ички туризмди өнүктүрүүнү санариптештирүү” боюнча Туризм департаменти, Эл аралык уюмдар, Элчилер менен биргеликте көргөзмөнүн ачылышына катыштык;
  6. КР Президентинин Жарлыгына ылайык, жаңы дайындалган Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Медер Карабаевди мекеменин жалпы жамаатына тааныштырдык;  
  7. КР Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгы боюнча “Манас” жана Айтматов улуттук академиясы жана “Кыргыз жолу” коомдук фондунун катышуучулары менен биргеликте бир нече этаптуу талкуу уюштурулууда;
  8. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери боюнча министрликтин жалпы коллегиялык жыйынына катыштык;
  9. КР Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыкты ишке ашыруу боюнча жарандык уюмдар, демилгечилер тобу менен кезектеги талкуу уюштурулду (Мисалы: “Айгине маданий-изилдөө борборунун” мүчөсү, изилдөөчү Чынара Сейдакматова, “Байыркы көчмөн цивилизация” коомдук фондунун төрагасы, генетика илимин изилдөөчү Кубан Чороев);
  10. 2021-жылдын 14-февралында Н. Турсунбаевдин 80 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчилигинин катышуусунда иш-чара өткөрүлдү. Бөлүм тиешелүү мамлекеттик орган менен уюштуруу жана даярдоо маселелери боюнча иш алып барды;
  11. Профсоюздук уюмдардагы чыр-чатактуу иштерге мониторинг жүргүзүлдү жана аларды чечүүнүн жолдору иштелип чыкты;
  12. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана спорт, жаштар саясаты министрлигинин отчеттуулук коллегиясына катыштык;
  13. Жарандардын кайрылуулары менен иш алпарылды.
2021-жыл 15-февраль