Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 15-20-февралында аткарган иштери тууралуу маалымат

  1. 2021 жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын эл артисти Ж. Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчилигинин катышуусу боюнча тиешелүү мамлекеттик орган менен даярдыктарды көрүү жана документациялык камсыздоо (некролог, кызматтык кат, буйрук, жетекчиликтин сүйлөө сөзүнүн тексти ж. б.).
  2. 2021-жылдын 19-февралында жарандарды кабыл алуу: Төлөгөнова Карачач, Чүй облусундагы «Ак элечек» коомунун төрайымы; балет искусствосунун ветерандары: Жунушалиева Ч.Н., Сыдыков К.К., Нургалиева А.К., Раманкулов Б. М. Анда көтөрүлгөн маселелер боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
  3. 2021-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана спорт, жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү менен 2021-жылдын 27-февралындагы К. Кондучалованын 100 жылдыгына карата пландалган иш-чарага даярдыктарды көрүү боюнча жолугушуу өткөрүлдү.
  4. 2021-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана спорт, жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасындагы ЮНЕСКО катчылыгынын өкүлдөрү менен «Туруктуу өнүктүрүү максаттары» (ЦУР) алкагындагы долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча жолугушуу өткөрүлдү.
2021-жыл 20-февраль