Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 1-6-мартында аткарган иштери тууралуу маалымат

  • 2021-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Туусунун күнүнө карата Кыргыз Республикасынын бардык облустук, райондук жана шаардык администрацияларында КРнын Туусу эрте мененки саат 8:00до, бир учурда жаңыртылып, салтанаттуу аскердик жүрүштөр өткөрүлдү. Аскердик жүрүштөрдү жергиликтүү бийликтин жетекчилери кабыл алышты. КРнын Туусунун бир учурда бардык жерде көтөрүлүшү мамлекеттик бийликтин бекемдигинин көрсөткүчү болуп эсептелет (453 айыл аймагында, 40 райондо, 31 шаарда жана 7 облустун борборунда Туу жаңыртылды);
  • КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде КРнын Конституциясынын жаңы долбоору боюнча борбордогу жогорку окуу жайлардын тармактык окумуштууларынын катышуусунда талкуу уюштурулду. Конституциянын мааниси, маңызы жана өзгөртүү киргизилген беренелер боюнча Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү тарабынан баяндамалар жасалды. Талкууга 38 окумуштуу катышты;
  • 2021-жылдын 4-мартында (5-март кар жаагандыгына байланыштуу жылдырылган) КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги, Бишкек шаарынын мээриясы жана «Улут намысы» коомдук уюму менен бирдикте Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында «Кыргыз Республикасынын Туу күнү» жана «Калпак күнүнүн» 10 жылдыгы белгиленди. Аянттан аскерлер КРнын Туусун (көлөмү: 10×15) салтанаттуу жүрүш менен көтөрүп өтүштү. Артынан тарыхый каармандар, андан кийин 40 уруу элдин эн тамгасы түшүрүлгөн калпактарды кийген кырк жигит, алардын артынан «кыргыз алптары», андан соң улуттук кийим кийишкен бардык муундун өкүлдөрү салтанаттуу жүрүш менен өтүштү. Уюштуруучулар тарабынан куттуктоолор болду;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мемлекеттик агенттигинде 2021-жылдын 5-мартында Агенттиктин жыйын залында Ак калпак күнүнө карата ак калпакты даңазалоо максатында салтанат болуп өттү. Иш-чарага агенттиктин, аппараттын кызматкерлери катышышты;
  • 2021-жылдын 7-мартында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында түзүлгөн «Эл ырчысы Эстебес» тобунун «Ааламдан кең, апа сенин бешигиң» аттуу концертине Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун катышуусу боюнча маселелер сүйлөшүлүп, сценарийи жазылып бекитилди жана аталган иш-чараны уюштурууга бөлүмдүн кызматкерлери түздөн-түз катышты;
  • 2021-жылдын 6-мартында бөлүм Ислам академиясынын капсуласын салуу боюнча иш-чарага даярдыктарды көрүп, Токмок шаарына тиешелүү тараптар менен барып академия курула турган аянт менен жеринде таанышып келди.
  • Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев бөлүм тарабынан кабыл алынды. Анын КРнын Президенти С. Н. Жапаровго башмыйзам, маданият, улуттук аң-сезим ж. б. жаатында бир нече сунуштары бар экендигин айтты. Бөлүм алар менен таанышып чыкты;
  • КР Өкмөтүнүн жарандарды кабыл алуу боюнча кабылдамасында жеке көйгөйлөрү, сунуштары менен келген жарандарды бөлүмдүн деңгээлине кабыл алуу жүргүзүлдү;
  • КРнын Президентинин, КРнын Президентинин Аппаратынын дарегине келген каттарга жооптор даярдалды.

 

 

 

 

2021-жыл 9-март