- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” № 2 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана аттестациялоо маселелери жөнүндө” № 65 токтому кабыл алынып, убактылуу жоболор, жумушчу топтун курамы бекитилип, 2021-жылдын 11-мартынан 2-апрелине чейин өлкө аймагы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары – акимдерди жана алардын орун басарларын аттестациялоо иштери жүргүзүлүүдө.
- Конституциялык реформаларга, мамлекеттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөргө жана коронавирус пандемиясына байланыштуу 2018-жылы бекитилген «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы» программасына өзөртүүлөрдү киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын шаарларынан жана облустарынан сунуштарды алып, иш алып барылууда.
- 2021-жылдын 11-апрелинде өтүүчү Кыргыз Республикасынын 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын аткарылышы тууралуу иш-чаралар көзөмөлгө алынууда.
- Жалал-Абад облусунун Аксы окуясынын 19 жылдыгына карата каражат бөлүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу даярдалып жеткирилди жана 17-март күнү боло турган иш-чарага даярдык көрүлүүдө.
- 8-март эл аралык аялдардын күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун куттуктоо баракчалары даярдалып, Кыргызстандын бардык облус жана шаарларына жеткирилди.
- Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык маарекеси боюнча тиешелүү иш-чаралар түзүлүп, жүрүп жаткан иш-чаралар тууралуу жетекчилике маалымат берилди.
- Чүй облусунун Токмок шаарындагы Ислам академиясынын имаратынын курулушуна капсула салуу иш-чарасы боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы март айынын жана жумалык иш-чаралардын планы чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө тиешелүү иш алып баруу үчүн таратылып берилди.
- Улуттук кадрлар резервин түзүү максатында уюштурулган конкурстун катышууларын тандоо боюнча комиссиясынын отурумуна бөлүмдүн жетекчилиги тарабынан баа берүүлөр (40 киши) ар дайым жүрүүдө.
- Бөлүмгө жарандар тарабынан келип түшкөн 12 арыз жана кайрылуулар менен тийиштүү иштер алып барылды.