Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 9-13-мартында аткарган иштери тууралуу маалымат

 — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси С. С. Касмамбетовдун 2021-жылдын 4-мартындагы № 51 Буйругу боюнча бөлүмдүн алдында КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү менен бирдикте жумушчу топ түзүлүп, 2021-2026-жылга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттү артыкчылыктарын аныктоонун болжолдуу Планы иштелип жатат;

— 9-мартта режиссер Бакыт Мукулдун «Акыркы көч» фильмин көрүү уюштурулду. Фильмдин аягында эксперттик топ, кинонун мазмунун талкуулашты. Фильм өлкөдөгү социалдык, руханий-нравалык жана тарбиялык көйгөйлөрдү чагылдырган. Талкуунун жыйынтыгында фильмди коомдун калың катмарына көрүүгө болорун сунуштады;

—  2021-жылдын 9-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы «2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясы» долбоору боюнча коомдук талкуулоо өткөрдү. Долбоор мамлекеттик түзүмдөрдүн, диний уюмдардын, академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан. Концепциянын максаты — мамлекеттин светтик негиздерин жана диний толеранттуулукту чыңдоо үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү, диний жана коомдук институттардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу. Мындай талкуулар өлкөнүн бардык облустарында өткөрүлдү;  

—  Бөлүм 10-мартта Бириккен Араб Эмираттарынын «Заед» гуманитардык кайрымдуулук фондунун башкы директору Хамад бин Салем Кардоус мырзанын КР Президенти С. Н. Жапаров менен жолугуусун камсыз кылды. Жолугушууга бөлүмдүн башчы К. Б. Базарбаев, КР Билим берүү жана илим министри А. Б. Бейшеналиев жана КР БАЭдеги Элчиси А. К. Жумабаевдер катышышты;

— 2021-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Нурдамир Конгурбаев дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу тиешелүү иштерди жүргүзүлдү;

—  2021 жылдын 11-мартында Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Абай Кунанбай уулунун 175 жылдык мааракесине арналган иш-чара уюштурулду. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси С. С. Касмамбетов катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун атынан куттуктоо сөзүн жолдоду. Бөлүм тарабынан уюштуруу маселелери боюнча даярдыктар көрүлдү;

— 2021 жылдын 11-мартында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл артисти Ю. И. Бобковдун чыгармачылыгынын 50 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү. Бөлүм тарабынан уюштуруу маселелери боюнча даярдыктар көрүлдү;

— 2021-жылдын 12-мартында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовдун өзүнүн 100 жылдыгына карата жазып жаткан (ал азыркы учурда 97 жашта) «Өмүр жолу» деп аталган мемуарды чыгарууга Президенттик фонддон колдоо көрсөтүлдү;

— Бөлүм 2021-жылдын 12-мартында Эл аралык Кувейт университетинде КР Президенти С. Н. Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүүгүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жана «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыктарына ылайык «Жусуп Абдрахманов — көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер» эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты;

—  2021-жылдын 12-мартында 2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн орто мөнөттүү артыкчылыктарын аныктоого жана КР Президенти С. Н. Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу боюнча КР Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү, социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмү жана маалыматтык саясат бөлүмү менен бирдикте мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу уюштуруп, аткарыла турган иштер жана милдеттер такталды;  

— КР Президенти С. Н. Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында, 12-мартта бөлүм Бириккен Араб Эмираттарынын «Заед» гуманитардык кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда инвестициялык долбоорлор тууралуу сөз болду;

— Бөлүм 2021-жылдын 12-мартында «Кыргызстандын диний изилдөөлөр борбору» бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулган «Онлайн радикализм: Борбор Азиядагы зомбулук экстремизмдин баалуулуктарын жана идеялардын маанилүүлүгүн талдоо» аттуу презентацияга катышты;

—  Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун 2-апрель Кыргызстан жаштары менен галстуксуз жолугушуусуна карата даярдыктар боюнча Спорт жана жаштар саясаты боюнча агенттигинин жетекчилиги жана ошондой эле ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен жыйын өткөрүлдү; 

—  Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз жараны өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясы» Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик органдардын ишине багыт берүү үчүн ведомстволор аралык комиссиясын түзүү, иш-чаралар Планын ишке ашырууга донорлорду тартуу иштери жүргүзүлдү;

—  Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын маданий-тарыхый мамилелерин күчөтүү максатында биринчи учкуч-космонавт, Советтер Союзунун Баатыры Юрий Гагариндин бюстун Ч. Айтматов проспектиси жана Ю. Гагарин көчөсүнүн кесилишине орнотуу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлдү; 

—   Бөлүм Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун РФнын Агартуу министри Сергей Сергеевич Кравцовду кабыл алуусу боюнча иштерди даярдады;

—  Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун жана КР Президентинин Аппаратынын дарегине келген каттар, жарандардын кайрылуулары менен иштер жүргүзүлдү. 

 

2021-жыл 13-март