Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2021-жылдын февраль айында жарандардын кайрылуулары менен жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2021-жылдын февраль айында 1874 жарандын кайрылуулары боюнча иштер жүргүзүлдү (2020-жылдын февраль айында — 1157), алардын ичинде:

— Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 1645 (2020-жылы — 924);

— Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 150 (2020-жылы — 172);

— «Ишеним телефондору» жана кызматтык телефондору аркылуу кайрылган жарандар — 79ду түздү (2020-жылы — 61).

Талдоо көрсөтүп тургандай, ушул жылдын февраль айында жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын саны кескин көбөйдү, эгерде 2021-жылдын январь айында 382 кайрылуулар менен иштер жүргүзүлсө, февраль айында алардын саны 1645ке жеткен, башкача айтканда, өсүү 330,6%ды түзгөн.           Ал эми, өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу кайрылуулардын жалпы саны 62,0%га, жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын саны 78,0%га көбөйгөн.

Жазуу жүзүндө (электрондук) келген бардык 1645 кайрылуулардын 1625и Президенттин Аппаратына, ал эми калган 20 кайрылуу  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түштү.

Президенттин Аппаратына келип түшкөн 1625 кайрылуулардын 1018и (же 62,6%) көзөмөлгө алынды, алардын 244ү аткарылды (24,0%), 774 жарандын кайрылуулары (76,0%) аткарылууда.

Ал эми, 607 кайрылуулар (37,4%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түшкөн бардык 20 жазуу жүзүндөгү кайрылуулар (100%) көзөмөлгө алынып, алардын 4ү (20,0%) аткарылды, ал эми 16 арыз (80,0%) аткарылууда.

1645 жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылууларды региондор боюнча бөлгөндө, эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан — 607 (36,9%) келип түштү. Ал эми, Чүй областынан — 322 (19,6%), Жалал-Абад областынан — 192 (11,7%), Ош областынын жана Ош шаарынан жашоочуларынан — 155 (9,4%), Ысык-Көл областынан — 141 (8,6%), Нарын областынан — 99 (6,0%), Баткен областынан — 56 (3,4%), Талас областынан — 36 (2,2%), КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 37 (2,2%) жарандын кайрылуулары катталды.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары тематикасы боюнча негизинен 6 багытта болду:

— соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча –

520 кайрылуу (31,6%), тактап айтканда, сот органдарынын ишмердигине тиешелүү маселелер боюнча — 238, прокуратура органдарынын компетенциясына кирген маселелер боюнча — 171, ички иштер жана башка укук коргоо органдарынын ишмердигине тиешелүү маселелер боюнча — 114 кайрылуу;

— турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү боюнча — 203 (12,3%);

— мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, ырайым кылуу маселелери боюнча — 141 (8,6%), алардын ичинен ырайым кылуу жөнүндө — 79, жарандык алуу жана жарандыктан чыгуу жөнүндө — 47 жана мамлекеттик сыйлык берүү жөнүндө — 15 кайрылуу;

— социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, пособие, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча — 123 (7,5%), алардын ичинен көпчүлүгүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылуулар түзгөн — 81 кайрылуу;

— саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча — 120 (7,3%);

— кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (төмөнкү пайызда же пайызы жок) — 88 (5,4%) кайрылуу.

Ал эми, калган 450 жарандардын кайрылууларында (27,4%) социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган.

2021-жылдын февраль айында President.kg расмий веб-сайтына республиканын бардык региондорунан, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет мамлекеттерден жарандардын 255 (15,5%) электрондук кайрылуулары келип түштү, анын ичинде:

  • Бишкек шаарынан — 84 (же 32,9%);
  • Чүй областынан — 54 (21,1%);
  • Ысык-Көл областынан — 27 (10,5%);
  • Ош областынан жана Ош шаарынан — 17 (6,7%);
  • Баткен областынан — 14 (5,4%);
  • Жалал-Абад областынан — 13 (5,0%);
  • Нарын областынан — 11 (4,3%);
  • Талас областынан — 4 (1,5%);
  • КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 31 (12,1%).

Аталган мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамалары аркылуу 150 жаран кабыл алынды, анын ичинде Бишкек шаарында — 120 (80,0%), Ош шаарында — 30 (20,0%).

Тактап айтканда, жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү тарабынан 65 жаран, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан 29 жаран, соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү тарабынан 28 жаран,  социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмү тарабынан 12 жаран, гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдук институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү тарабынан 9 жаран, мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмү тарабынан 2 жаран, Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы тарабынан 3 жаран жана Жарандык маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы тарабынан 2 жаран кабыл алынып, маселелери боюнча кеңештер, мыйзам чегинде жооптор жана тиешелүүлүгүнө жараша компетенттүү органдарга кайрылуунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле, «ишеним телефондору» аркылуу 79 кайрылуу түшүп, алар боюнча тиешелүү кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди.

2021-жыл 9-март