Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 15-20-март күндөрүндө аткарган иштери тууралуу маалымат

— Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаров РФнын агартуу министри Сергей Сергевич Кравцовду, РФнын агартуу министринин биринчи орун басары Дмитрий Глушкону, РФнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, эки тараптуу келишимдердин аткарылышы боюнча маалыматтарды угуп, тийиштүү тапшырмаларды берди;

— Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаров Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Медер Карабаевди кабыл алып, мекеменин иштерине байланыштуу отчетторун, пландарын угуп, иш-чаралардын аткарылышы, жүрүшү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын  14-ноябрындагы ПЖ № 203 Жарлыгы менен бекитилген  2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын  9-июлундагы № 315-б буйругу менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын аткарылышы боюнча жыйынтыктоочу отчеттор даярдалууда;

— Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү программасына «Дин маданиятынын тарыхы» сабагын киргизүү тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчилеринин катышуусунда атайын жыйын уюштурулуп, талкууланды. Жыйынтыгында тиешелүү буйруктар берилип, «Дин маданиятынын тарыхы» сабагын пилоттук түрдө билим берүү программасына киргизүү иштери башталды;

— А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу-композитор, музыкант Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдык мааракесине «Бирик кыргыз! Манас — Чыңгыз барында, өлбөйт кыргыз» аттуу автордук концерти уюштурулду;

— Кыргызстан калкы ассамблеясы тарабынан Нооруз майрамына арналган ЭлТР телеканалында атайын видео-репортаж даярдалды. Ошону менен бирге Кыргызстан калкы ассамблеясынын курамына кирген этностук коомдук бирикмелер менен этностук коомчулукту жакындаштырууга багытталган ар бир этностун тилинде ыр ырдалып жана улуттук бийлер менен коштогон иш-чара өткөрүлдү;

— 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясын жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик органдардын ишине координация жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү, иш-чаралар Планын ишке ашырууга донорлорду тартуу багыттарында иштер аткарылды;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен биргеликте «Кыргызстандыктарды руханий адеп-ахлактык өнүгүүгө жана дени сак, сергек жашоого багыттоо — өлкө идеологиясынын өзөгү» аттуу илимий-практикалык конференциясын уюштурду;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 1-Жарлыгына ылайык, «Нооруз — адеп-ахлактын жарчысы» аттуу иш-чарасы Чыңгыз Айтматовдун үйүнүн короосунда өткөрүлдү;

— Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгы менен бирдикте Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруунун Жобосун кайра иштеп чыгуу тууралуу иштер жүргүзүлдү;

— Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун жана КР Президентинин Аппаратынын дарегине келген каттарга жооп берүү жана кайрылуу ээлерин кабыл алуу иштери уюштурулду.

 

 

2021-жыл 20-март