Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн 2021-жылдын 15-мартынан 20-мартына чейин аткарган иштери жөнүндө маалымат

 — Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын  29-январындагы «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө»  № 2 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана аттестациялоо маселелери жөнүндө» № 65 токтому кабыл алынып, убактылуу жоболор, жумушчу топтун курамы бекитилип, 2021-жылдын  20-мартына карата өлкө аймагы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары — акимдерди жана алардын орун басарларын аттестациялоо иштери Нарын, Баткен жана Жалал-Абад облустарында жүргүзүлдү.

— Конституциялык реформаларга, мамлекеттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөргө жана коронавирус пандемиясына байланыштуу 2018-жылы бекитилген «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы» программасына өзөртүүлөрдү киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын шаарларынан жана облустарынан сунуштар алынып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тийишелүү бөлүмүнө жалпылоо үчүн берилди.

— 2021-жылдын 11-апрелинде өтүүчү Кыргыз Республикасынын 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын аткарылышы тууралуу иш-чаралар көзөмөлгө алынууда.

— Жалал-Абад облусунун Аксы окуясынын 19 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругунун негизинде окуяда курман болгондордун үй-бүлөсүнө каражат бөлүнүп жеткирилди жана 17-март күнү Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун катышуусунда Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы уюштурулду.

— 17-март күнү Кыргыз Республикасынын Президенти  С. Н. Жапаровдун жана телекөпүрө аркылуу Россия Федерациясынын Президенти В. В. Путиндин катышуусунда Талас облусундагы Жерүй алтын кениндеги Талас алтын комбинатын ишке киргизүү аземи уюштурулуп, өткөрүлдү.

— 19-март күнү Кыргыз Республикасынын Президенти  С. Н. Жапаровдун катышуусунда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун балдар борборунда тарбияланып жаткан Ирактан кайтарылган
79 баланын абалы менен таанышуу иш-чарасы уюштурулуп, өткөрүлдү.

— 19-март күнү Кыргыз Республикасынын Президенти  С. Н. Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы  «Ден соолук» медициналык калыбына келтирүүчү комплексинин абалы менен таанышуу иш-чарасы уюштурулуп, өткөрүлдү.

— Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык маарекеси боюнча тиешелүү  иш-чаралар түзүлдү.

— Бөлүмгө жарандар тарабынан келип түшкөн 7 арыз жана кайрылуулар менен тийиштүү иштер алып барылды.

 

2021-жыл 20-март