Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан 2021-жылдын 15-27-февралында аткарылган негизги иш-чаралар тууралуу маалымат

 

  1. Уюштурулган жана өткөрүлгөн (аткарылган) иш-чаралар:

1) КР Президентинин дарегине төмөнкү кызматтык каттар жана документтер даярдалып, киргизилди:

— Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун 23-февраль — Мекен коргоочуларынын күнүнө карата куттуктоосунун тексти мамлекеттик жана расмий тилдерде;

— жана башка улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү маселелер боюнча;

2) КР Коопсуздук кеңешинин экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси тууралуу жыйналышын өткөрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө;

3) Баткен облусунун тургундары менен чек ара жана чек арага жакын жайгашкан аймактардагы көйгөйлүү маселелер боюнча жолугушуу өткөрүлүп, актуалдуу маселелер талкууланып, коюлган суроолорду чечүү боюнча тийиштүү тапшырмалар жана иш-чаралар планы даярдалды. Анын Катчылыкка тиешелүү маселелеринин ишке ашырылуусу контролдоого алынды (17-февралда, КР Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары М. А. Сатыев, КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Р. Ж. Мусаевдин, Өкмөттүн Аппаратынын жана айрым күч органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен);

4) Төмөнкү КР Президентинин Жарлыктарынын долбоорлору даярдалып, киргизилди:

— Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2021-жылдын март–майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө (кол коюлду);

— Мамлекеттик чек ара кызматы боюнча КР Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө (Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин кароосунда);

— айрым кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдарын ыйгаруу жөнүндө (кол коюлду);

— Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командачылык курамы жөнүндө (белгиленген тартипте тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу үчүн Коргоо министрлигине жиберилди);

— Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө (бөлүмдөр менен макулдашуу процессинде);

5) ПРООНдун «Кыргыз Республикасынын Фергана өрөөнүн социалдык-экономикалык жактан калыбына келтирүү» долбоорун талкуулоо жана жактыруу боюнча Баалоо комиссиясынын «он-лайн» режимдеги жыйналышы өткөрүлдү (Катчылыктын катышуусу менен, 18-февралда); 

6) Коргоо министрлигин түзүү жөнүндө КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча контролдоо иштери жүргүзүлүүдө;

7) КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана Улуттук энергохолдингдин жектекчилиги менен кеңешме өткөрүлдү (КР Коопсуздук кеңешинин энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси тууралуу кезектеги жыйналышына даярдык көрүү боюнча);

8) КР Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары М. А. Сатыевде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын
29-январындагы № 2 «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тартибинде айрым мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешме өткөрүлдү (26-февралда);

9) Республиканын түштүк регионунда өтүүчү «Коопсуздук-2021» команда-штабдык машыгуунун даярдыгы боюнча иштер жүргүзүлүүдө.  Катчылык тарабынан жумушчу кеңешме өткөрүлүп (25-февралда), маселелер талкууланып, көрсөтмөлөр берилди;

10) Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Ыйгарым укуктуу Элчиси айым Ду Дэвэнь менен жолугушуу өттү (24-февралда). Жолугушуунун жүрүшүндө Региондор-ведомстволор аралык кызматташтык механизми
«КР менен СУАР КЭР ортосундагы коопсуздук маселелери боюнча диалогдун» алкагында пикир алышуу болду;

11) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (ССТГ) тарабынан даярдалган «2020-2025-жылдарга Түрк кеңешинин стратегиясы» концептуалдык документинин долбоорундагы аскердик багыттын бирдей позициясын талкуулоо өткөрүлдү (22-февралда);

12) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январында жана 8-февралында кабыл алынган Жарлыктарын ишке ашырууну контролдоо иштери жүргүзүлүүдө (кураторлук кылынуучу мамлекеттик органдар тарабынан).

 

  1. КР Коопсуздук кеңешинин төмөнкү чечимдерин ишке ашыруу боюнча контролдоо жүргүзүлүп жатат:

 

КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан Кеңештин 20 чечиминин аткарылышына контроль жүргүзүлүп жатат.

Анын ичинен 2 чечим толук ишке ашырылган, 18 чечим контролдо турат, ал боюнча квартал сайын 10 числодо Президенттин атына маалымат берилип турат.

Алардын ичинде 8 чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын таралышынын көйгөйүнө тийиштүү.

 

  1. Эл аралык багытындагы иш-чаралар

ЖККУ Ыкчам жайылтуунун жамааттык күчтөрүн 2022-жылга оперативдик жайгаштыруунун планын иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө (маалыматтар КР ИИМ, КР ӨКМ, КР УКМК, Генералдык штаб менен такталууда).

Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ)

«2021-жылга  ШКУнун негизги иш-чараларынын планынын» долбоору каралды, ШКУ Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусу (май–июнь) жана эксперттердин кезектеги жыйналышы (март–апрель) такталды.

 

  1. Мамлекеттик органдарда системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча ишти уюштуруу

Эксперттер жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу өкүл менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүктү башкаруу боюнча фонддогу коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо боюнча актуалдыштырылган пландын презентациясы даярдалды.

Эксперттер жана КР Социалдык фондунун жетекчилиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондундагы коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо боюнча актуалдыштырылган планды иштеп чыгуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

 

  1. Кураторлук жүргүзүлүүчү мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана өз ара аракеттенүү боюнча ишти уюштуруу жүргүзүлүп жатат:

1) КР Коргоо министрлиги;

2) КР Ички иштер министрлиги;

3) КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

4) КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;

5) КР УКМКсынын Чек ара кызматы;

6) КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;

 

  1. 6. Жетекчиликтин жана КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын дарегине келип түшкөн мамлекеттик органдардын маалыматтары, кайрылуулар, жарандардын арыздары жана даттануулары каралган.

Тийиштүүлүгү боюнча резолюциялар/тапшырмалар даярдалып, мамлекеттик органдар менен иш жүргүзүлүп жатат (аларды карап чыгуу контролго алынган). Айрым маселелер боюнча жарандар кабыл алынууда.

Бардыгы —  108 (документ).

  1. Кошумча:

КР ИИМ боюнча Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий жана криминогендик абал боюнча маалыматтар, ошондой эле КР ӨКМ боюнча окуялар тууралуу маалыматтар күн сайын берилип, алар боюнча талдоо иштери жүргүзүлүп турат.

Өлкөдөгү коомдук-саясий процесстерге ачык булактар ​​жана оперативдүү мүмкүнчүлүктөр аркылуу байкоо жүргүзүлүүдө.

 

2021-жыл 27-февраль