Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн 2021-жылдын 23 -мартынан 27-мартына чейин аткарган иштери жөнүндө маалымат

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» № 2 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана аттестациялоо маселелери жөнүндө» № 65 токтому кабыл алынып, убактылуу жоболор, жумушчу топтун курамы бекитилип, 2021-жылдын 27-мартына карата өлкө аймагы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары — акимдерди жана алардын орун басарларын аттестациялоо иштери Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарында жүргүзүлдү.

— Кыргыз Республикасынын шаарлары менен облустарындагы жолдорду асфальттоо жана оңдоо иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси С. С. Касмамбетовго сунуштар берилди.

— Кыргыз Республикасынын 448 жергиликтүү кеңешинин 420 айылдык кеңеши менен 28 шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын аткарылышы тууралуу иш-чаралар көзөмөлгө алынууда.

— 27-март күнү Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарындагы Д. Асанов атындагы сейил бакта ишембилик уюштурулуп өткөрүлдү.

— Бөлүмгө жарандар тарабынан келип түшкөн 5 арыз жана башка кайрылуулар боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлдү.

2021-жыл 27-март