Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 23-27-мартында аткарган иштери тууралуу маалымат

— Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында «Научное сопровождение реформ» аталышындагы илимий-практикалык конференция уюштурулду. Илимий-практикалык конференцияга академиялык чөйрө, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын илимпоздору катышып, өлкөдө жүрүп жаткан реформалардын илимий негиздерин талкууга алышты;

— Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын мектеп китепканачыларынын I форуму өткөрүлдү. Форумга Кыргызстандын бардык аймактарынын мектеп китепканачылары чакырылды. Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө китепканалардагы көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору айтылды;

— А. Осмонов атындагы улуттук китепканада Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата Изиля Рахимова которгон Мухтар Ауэзовдун «Абай жолу» романынын 2 томдук китебинин бет ачары өткөрүлдү;

— Чыгаан илимпоз, тилчи, манас таануучу, котормочу Зияш Бектеновдун кызы Чынара Бектенованын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууда Зияш Бектеновдун 110 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштар айтылып, тиешелүү даярдыктарды көрүүгө тапшырмалар берилди;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басарлык кызматына Исаева Гүлназ Конурбаевна дайындалган. Гүлназ Исаева комиссиянын жалпы эмгек жамаатына тааныштырылды;

— Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кыргыз эл жазуучу, драматург Мар Байжиев, Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, академик Абдыганы Эркебаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын математика институтунун директору, академик Алтай Бөрүбаев, мамлекеттик жана партиялык ишмер, саясий илимдеринин доктору, профессор Жумагул Сааданбеков, «Манас жаңырыгы» телерадиокомпаниясынын директору Темирбек Токтогазиев менен жолугушуусу уюштурулду. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү кызматкерлерге тапшырмалар берилди;

— Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү программасына «Дин маданиятынын тарыхы» сабагын киргизүү боюнча КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын тийиштүү кызматкерлери менен тиешелүү иштер жүргүзүлдү;

— Кыргыз Республикасындагы Бириккен улуттар уюмунун Тынчтыкты куруу фонду тарабынан биргелешкен иш-чаралар планы боюнча отурум өткөрүлдү. Отурумда адилет башкаруу, мыйзамдын бийлиги, адам укуктары жана гендердик теңчилик жаатында долбоорлордун 2019-2020-жылдагы аткарылышы жана 2022-2023-жылдарга карата пландар талкууланды.

Аталган отурумга мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. 2022-2023-жылдарда аткарыла турган долбоорлордун планына Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 жана № 2 Жарлыктарына ылайык, сунуштар киргизилди; 

— Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында республикалык «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына жана Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган айтыш өткөрүлдү. Айтыштын жыйынтыгында баш байге Идрис Айтибаевге, биринчи орун Баян Акматовго, экинчи орун Акмат Султан уулуна, үчүнчү орун Тынчтык Эсенбай уулуна ыйгарылды;

— Эл аралык театр күнүнө карата Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Эргүү» улуттук театр сыйлыгынын жылдык жыйынтыгы чыгарылды. Анда бир топ маданият кызматкерлери мыкты режиссура, сценарий, актер, актриса ж. б. түрдүү номинациялар менен сыйланышты;

— Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун жана КР Президентинин Аппаратынын дарегине келген каттар, жарандардын түз кайрылуулары менен иштер жүргүзүлдү.

2021-жыл 27-март