Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн 2021-жылдын январь–март айларында аткарган иштери тууралуу маалымат

2021-жылдын башынан 24-мартка чейин бөлүмгө 665 кат келип түшкөн, анын ичинен 298 кайрылуу соттук актыларга, сотто каралып жаткан иштерге, соттун отурумунда орун алган ар кандай процесстик аракеттерге болгон нааразычылыктарды түзгөн. 115 кайрылуу сотторго болгон ишенбөөчүлүк жана аларга карата тартиптик жаза колдонуу тууралуу, 41 кайрылуу укук коргоо жана прокуратура кызматкерлерине карата нааразычылык жана аларга карата чара көрүү, 15 кайрылуу сот аткаруучулардын кыймыл-аракетине карата орун алган нааразычылыктары белгиленген.

Ал эми 665 каттын 196сын Президенттин Аппаратына кол коюлган буйруктарга, жарлыктарга, укук ченемдик актыларга байланыштуу жазылган кызматтык каттар түзөт.

Тактай кетсек, КР Президентти тарабынан жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу аларды токтотуу жөнүндө жалпысынан 17 жарлыктары чыкса, анын ичинен 1 жарлык КР судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө болгон. Ошондой эле КР мыйзам долбоорлоруна тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча 22 сунуш жиберилген.

Ошону менен бирге жарандардын өтүнүчтөрү боюнча 108 жаран жеке кабыл алууда болуп, КР мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү түшүндүрүүлөр берилген.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 5-мартында КР Президентинин Кыргыз Республикасынын бардык судьялары менен жолугушуусу уюштурулган.

2021-жыл 27-март