Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн 2021-жылдын 29 -мартынан 4-апрелине чейин аткарылган иштери жөнүндө маалымат

 

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» № 2 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана аттестациялоо маселелери жөнүндө» № 65 токтому кабыл алынып, убактылуу жоболор, жумушчу топтун курамы бекитилип, 2021-жылдын 12-мартынан 2-апрелине чейин өлкө аймагы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары — акимдерди жана алардын орун басарларын аттестациялоо иштери Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Ош, Ыссык-Көл, Талас жана Чүй облустарында жүргүзүлдү.
  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» № 2 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кадр кызматы тарабынан «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору каралууда.
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 21-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жөнүндө» № 177 Жарлыгы бөлүм тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
  1. Кыргыз Республикасынын шаарларында жана облустарында биринчи кезекте асфальттоо жана оңдоо иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровго маалымат даярдалууда.
  2. Кыргыз Республикасынын 448 жергиликтүү кеңештеринин, 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын аткарылышы тууралуу иш-чаралар көзөмөлгө алынууда.
  3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 23-мартындагы № 33 буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында түзүлгөн жумушчу топтун 2021-жылдын 29-мартында кеңешмесине катышуу болду.
  1. 2021-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун катышуусунда Борбордук шайлоо комиссиясы жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы тутуму менен биргеликте Бишкек шаарында жайгашкан «Ынтымак» паркында дарактар аллеясын (Тең укуктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн аллеясын) түзүү боюнча иш-чарасы уюштурулуп өткөрүлдү.
  2. 2021-жылдын 3-4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун Баткен жана Ош облустарына иш-сапарынын программасы бекитилип, уюштурулду.
  3. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановтун 120 жылдык маарекеси боюнча тиешелүү иш-чаралар түзүлүп, жүрүп жаткан иш-чаралар көзөмөлдөнүүдө.
  4. Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы жумалык иш-чаралардын планы бекитилип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө тиешелүү иш алып баруу үчүн таратылып берилди.
  5. Бөлүмгө жарандар тарабынан келип түшкөн 30 арыз жана кайрылуулар менен тийиштүү иштер алып барылды.
  6. Жаңы Конституциянын долбоорун колдоо боюнча иштеп жатышкан өкмөттүк эмес уюмдарга жергиликтүү администрация тарабынан кийлигишпөөсү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана иш алып баруусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бөлүм тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
2021-жыл 3-апрель